Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда жайгашкан Чоң кара — Буура айылында “Катар” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен жаңы мечит курула баштады. Бул тууралуу кечээ, 7-октябрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мечиттин курулушуна жергиликтүү айыл эли жана чет жакта иштеп жүрүшкөн айылдаштар колдоо көрсөтүшкөн.
“Иштин жүрүшүнө жардам берип жаткан жалпы журтчулукка Аллахым ыразы болсун. Ушул салынып жаткан мечитибиз айылга пайдасын тийгизип, келечегибизге жана жаштарыбызга жакшы тарбия жолун ачкан ак жолтой мечит болушуна тилектешмин”, — деди Ислам ажы Куматаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ