“Кыргызстандагы кырдаал биздин терең тынчсыздануубузду жаратат”, – деп билдирди Россиянын президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен болгон жолугушууда .
Ал Кыргызстан Россиянын өнөктөшү экендигин, ошондой эле ЕАЭС жана КМШ өлкөлөрүнүн чегинде терең интеграция шарттарында да кызматташуу жүрүп жаткандыгын эске салды.
“Ошондуктан, албетте, ал жакта болуп жаткандардын бардыгы биз үчүн өтө маанилүү”? – деди Песков.
Президенттин пресс-катчысы “кырдаал башаламандыкты жана хаосту эске салат” деп, ФСБнын директору Александр Бортниковдун жана Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин аракеттери абалды турукташтырууга салым кошот деп ишенет.
Белгилей кетсек, буга чейин Бортников менен Суваналиев телефон аркылуу сүйлөшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ