Menu

Садыр Жапаров: “Матраимов, Жээнбеков менен сүйлөшкөнүм жок, сүйлөшпөйм дагы”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-октябрда, Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнүн жанына чогулушту. Садыр Жапаров өзү өкмөттүн имаратында болгон.

Ал саат 19:00гө жакын убакта өкмөт үйүнүн алдында күтүп турган 800дөй тарапташтарынын алдына чыкты.

Ал кырдаалга байланыштуу 3 күндөн бери башка имаратта иштеп жатканын билдирди. Өкмөт үйүнө келип иштеп баштагына бир саат болгондон кийин Өмүрбек Суваналиевдин буйругу менен унаасы жана коопсуздук кызматкерлери алынганын айтты.

“Суваналиев УКМКны барып басып алган. Бул мыйзамсыз. Мен ага адамча айтып түшүндүрөйүн десем 3 күндөн бери байланышка чыкпайт. УКМК толугу менен ага баш ийип жатат”- деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, ал ар кандай саясатчылар өз тарапташтарын чогултуп жаткандыгын айтты. Алар: Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Эльвира Сурабалдиева, эл чогултуп, митингге чыгууга үндөп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, ал журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарын сынга алды. Ал журналисттердин атын атаган жок, ал “өзү жөнүндө жалган жалаа жаап жазганды токтотууну” суранды.

“Раим-миллион жана президент Жээнбеков менен сүйлөшүп алыптыр деген жалган маалыматты таратып жатасыңар, урматтуу журналисттер. Эч кимиси менен сүйлөшкөнүм жок, сүйлөшпөйм дагы. Раим-миллион камалат. Мен азыр ишке толук кандуу кирише элекмин, киришкенден кийин камалат” – деди ал.

Жапаров президент Жээнбеков бир депутат аркылуу кызматтан кетүүгө даяр экендигин айтканын билдирди. “Мен макул дедим. Тынчтык жолу – стабилдүүлүккө салуунун эң тез жолу. Стабилдүүлүк болбосо, эртең эмне болорун айта албайм” – деди Жапаров.

Садыр Жапаров саясатчылар Сариев, Бабанов, Текебаев, Курсан Асанов, Суваналиев жана башкалар менен жолукканын кошумчалады.

Жолугушуунун аягында ал бардык саясатчылардан мыйзамдуу жана тынч жол менен иштөөнү өтүндү. Келечек жаштардыкы экенин белгилеп, жаштар менен иштеше турганын айтты. Ал чогулган элден тынч тарап кетүүнү суранды. Бул сөздөрүнөн кийин ал өкмөт үйүнө дароо кирип кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: