Menu

Садыр Жапаров 6-октябрда сотто акталган эмес, Текебаев сыяктуу эле кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн

Бөлүшүү:

Садыр Жапаров 6-октябрда сотто акталган эмес, Өмүрбек Текебаев сыяктуу эле кылмыш иши бузулуп, кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Бул тууралу биздин колубузга тийген соттун чечиминде айтылат.

5-октябрда абактан бошотулган Садыр Жапаров “6-октябрда сотто толугу менен акталып чыктым” деп элге, парламентке жарыялап, КР премьер-министрлик кызматын алууга чуркап жүрөт.

Бирок биздин колубузга бүгүн тийген КР Жогорку Сотунун соттук коллегиясынын 6-октябрдагы чечиминде Садыр Жапаровдун кылмыш иштери жокко чыгарылып, кайрадан кароо үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Биз баарыбыз билгендей, Өмүрбек Текебаев да былтыр абактан ушундай жол менен бошотулуп, бирок эч кандай шайлоолорго умтулбай кылмыш ишинин тагдырын күтүп, үйүндө шүк олтурат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2005-жылы март революциясынан кийин абактан бошотулган Феликс Кулов премьер-министрликке шайланардан мурун Жогорку сотко чейин арызданып, сот процесстеринин бардык тепкичтерин басып өтүп, толук акталгандан кийин гана кызматка келген.

Ал эми Садыр Жапаров бүгүнкү абалында мамлекеттик жогорку кызматка жулунууга юридикалык жана моралдык укугу жок деп белгилешет эксперттер.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: