Menu

Казакстанда президентке түз баш ийген жаңы үч маморган пайда болду

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик, Атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо боюнча агенттик түзүү жөнүндө мыйзамдарга кол койду.

Мыйзамга ылайык, ИИМдин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу, Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу тармагындагы саясатын түзүү, Улуттук экономика миинстрлигинин мамлекеттик материалдык резервди түзүү боюнча айрым функциялары жана ыйгарым укуктары ӨКМге берилет.

Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик реформаларды ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгат, мамлекеттик органдардын ишин координациялайт. Агенттиктин курамына Статистика комитети кошулат.

Атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо боюнча агенттик Улуттук экономика министрлигинин атаандаштыкты коргоо жана монополияны чектөө жаатындагы ыйгарым укуктарын алат.

Токаев бир министрлик жана эки агенттик түзүлөрүн 1-сентярда казакстандыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирген. Токаев жаңы агенттиктер түздөн-түз президентке баш ийерин белгилеген.

Казакстанда ИИМди реформалоо тууралуу чакырыктар бир канча жылдан бери эле айтылып келет. Жарандык активисттер менен укук коргоочулардын турган топ атайын сунуштарды даярдап жөнөткөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: