Menu

Алматыда тез жардам кызматкерлери кошумча төлөм берилбей жатканын билдиришүүдө

Бөлүшүү:

Алматыда Тез жардам кызматынын бейтаптар менен түздөн-түз иштебеген жумушчулары кошумча төлөмдөр бериле турган медиктердин тезмесине кирбей калгандыктарын билдиришүүдө.

8-октябрда Алматыда басма сөз жыйынын өткөргөн кызматкерлердин айтымында, «коронавирустук» кошумча төлөмдөрдү болжол менен 415 кызматкер алган жок. Алардын көбү фельдшерлер, медайымдар, санитарлар жана медициналык кутучалар менен иштеген жумушчулар.

— Биз чакыруулар менен бейтаптарга барбайбыз, станцияда гана иштейбиз. Бирок коронавирус жуктурган адамдардын үйүнө барып иштеген кесиптештерибиз станцияга келишет. Биз алар менен байланышта болуп, илдет жуктуруп алып жатабыз», — деди алматылык фельдшер Эльвира Бадалбаева.

Анын айтымында, ал иштеген Медициналык тез жардам станциясында кызматкерлер коронавирус жуктуруп, арасында каза болгондор да катталган.

Аталган станциянын башкы дарыгери Биржан Оспанов кызматкерлерге кошумча төлөмдөр жакында бериле турганын билдирди.

Күн мурун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев пандемиянын экинчи толкунуна даярдык көрүүгө арналган жыйында «медиктерге компенсация кыска аралыкта төлөнүп берилиши керектигин» эскерткен.

Жазында жана жайында ондогон медик илдет жуктуруп алган бейтаптарды дарылаганы менен кошумча төлөм ала турган кызматкерлердин тизмесине киргизилбей калганына даттанышкан. Айрымдары бонустар туура эмес эсептелгенин билдиришкен.

Расмий маалымат боюнча Казакстанда 8,5 миңден ашуун медицина кызматкери инфекция жуктуруп алган. Мыйзам боюнча илдетти иш учурунда жуктурганын далилдей алган медиктерге гана компенсация төлөнөт. Коронавирустан өлгөн медицина кызматкеринин үйбүлөсүнө 10 миллион теңге (23 миң доллардан ашык), илдетти жуктуруп алган кызматкерге эки миллион теңге төлөнөрү айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: