Бир дагы мамлекеттик кызматка “Бир Бол” партиясынан эч ким кайрылбайт. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Сулайманов Алтынбек премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерлигин койбойт. Партия парламенттик шайлоого даярданат.
«Ошондой эле биз бардык партия лидерлерин туруктуулук жана тынчтык үчүн өз амбицияларын тынчытууга чакырабыз. Ошондуктан, биз Өмүрбек Бабанов менен Садыр Жапаровду компромисске келип, парламенттик шайлоого даярданууга чакырабыз», – деди ал.
Шыкмаматов тараптардын ортосундагы чыңалуунун курчушу кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин эске салды. Анын пикири боюнча, премьер-министр катары таза шайлоону камсыздай турган адам керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ