Нарын облусунун Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жаштагы баланы издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-августта Теңдик айылындагы Чу дарыясына 2013-жылы туулган бала чөгүп кеткен.
Кечээ, 8-октябрда издөө иштерине 3 куткаруучу тартылган.
Ал эми бүгүн, 9-октябрда баланы издөө иштери улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ