Menu

Курсан Асанов: “Мен Жогорку Кеңешке, саясий партияларга жаштарга кайрыламын”

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Жогорку Кеңешке, партияларга жана жаштарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу Кыргызстандыктар! Өлкөбүздөгү коопсуздукту сактоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо биздин милдет. Бирок ички иштер министрлиги саясаттан тышкары жана эч бир саясий партиялардын кызыкчылыгын коргобойт жана көздөбөйт. Биз үчүн жалпы Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу маанилүү.
Мен Жогорку Кенешке, 13 саясий партиялардын баардыгына кайрыламын, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуунун мыйзамдуу процесси сиздердин колдо, ошол себептүү бул маселени тез арада чечип, өлкөбүздү кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл.
Ошол эле убакта миңдеген жаштарга, элдик кошуундардын бардык мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиремин. Сиздер өлкөбүздө жаралган оор кырдаал учурунда коомдук тартипти сактоодо зор салым коштуңуздар”,- деп кайрылуу жасаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: