Menu

Эркин Асрандиев, вице-премьер-министр : Учурдагы абалга карабастан, пенсия, жөлөкпулдар, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар төлөнүп берилиши керек

Бөлүшүү:

Учурдагы абалга карабастан, пенсия, жөлөкпулдар, бюджеттик тармактагы кызматкерлер үчүн айлык акылар толук көлөмдө төлөнүп берилиши керек. Бул туурасында КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 2020-жылга бюджеттин аткарылышын талкуулоо боюнча кеңешмеде билдиргенин бүгүн, 9-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«2021-жылга карата бардык чыгымдар артыкчылык деңгээли боюнча ирээттелиши керек. Ыкчам каржылоо зарылчылыгы жок чыгым беренелери убактылуу токтотулат. Бирок бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлык акылары жана социалдык төлөмдөр боюнча милдеттенмелер аткарылат. Ошондой эле пандемияга каршы күрөшүүгө жана күз-кыш мезгилине даярдыкка тийиштүү артыкчылыктуу чыгымдар аткарылат.  Бизде акыркы окуяларга байланыштуу пайда болгон айрым пугкттар боюнча кармоолор бар, бирок социалдык төлөмдөргө каражаттар бар жана алар өз дарегине жеткирилет», – деди вице-премьер-министр.

Жыйын жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча жаңы инструменттерди караштыруу керектиги белгиленди.

«Бул процессте Бажы жана Салык кызматы негизги ролду ойнойт. Бул максаттарга жетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири – фискалдаштыруу тутумун киргизүү. Бул мамлекеттик органдардын ишине жана бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга гана эмес, ишкерлердин ишин жеңилдетүүгө да жардам берет. Бажы кызматы жөнүндө айта турган болсок, бул жерде башка өлкөлөрдө жакшы натыйжаларды көрсөткөн программаларды киргизүү маанилүү», – деди вице-премьер-министр.

Жыйындын катышуучулары инвестициялык программаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга бул объекттерге көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: