Бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги “Медиа Форум” имаратынын алдында тынчтыкты, өлкөдө мыйзамдуулукту, туруктуулукту орнотуу багытында уюштурулган митинг өттү.
Ага Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, мурдагы президент өзү, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков ж.б. катышты.
Митингдин аягында Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, ага бийликтин кереги жок экенин, ага элдин биримдиги, өлкөнүн келечеги, тынчтык керек экенин билдирди.
Ал “Ала-Тоо” аянтына жөө жүрүштү баштап барарын айтты. “Биз эч кандай провокацияга алдырбайлык. Баарыбыздын саныбызды көргөндө булар кетет. Кетпесе, анда өзүбүз кетирип чыгабыз” – деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев элдин алдына түшүп, митингчилерди ак үйдү көздөй алып баратат. Атамбаев менен бирге Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков жана Рыскелди Момбековдор баратат. Алар 7-апрель көчөсү менен ылдый Чүй проспектиси көздөй жөө бара жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ