Menu

Алмазбек Атамбаев: “Сооронбай Жээнбеков менен Раим-миллион бир мафия” деп айтканда, Атамбаевге бийлик керек деп эч ким ишенбей койгон”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-октябрда “Форумдун” имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги болуп өттү. Ага Алмазбек Атамбаев өзү да катышып, сөз сүйлөдү.

“Урматтуу кыргызстандыктар, биринчиден, мен сиздердин алдыңарда таазим кылам. Рахмат! Эгерде сиздер болбосоңуздар, эл болбосо, мени ошол түрмөдөн тиги дүйнөгө жиберүү боюнча жакшы эле аракеттер болуп жатты. Мен кетсем деле баары бир, буйруса кыргыздын жерине көмүлөм деп ойлоп жаттым. Бирок, менде жеңебиз деген үмүт бар болчу” – деди Атамбаев.

“Сооронбай Жээнбеков менен Раим-миллион бир мафия, акча үчүн Сооронбай Сапар Исаковду, Кубан Кулматовду камады” деп айтсам, Атамбаевге бийлик керек деп эч ким ишенбей койгон. Атамбаевге бийлик керек болсо, экинчи жолу деле президент болуп шайланып алмак, көп адам келген мага шайлап беребиз деп. Атамбаевге элдин тынчтыгы, биримдиги керек” – деди ал.

Ал Сооронбай Жээнбеков бийликке кайра келгенге аракет жасап жатканын айтты.

“Атамбаевден элди бөлөм десе, Оштун түбүнөн, Кара-Кулжадан Сооронбайды президенттикке алып келет беле? Чүйдөн жигиттер жокпу? Мага эч кандай бийликтин кереги жок. Бирок, азыркыдай бандиттер келип алып… 2005-жылы Бакиев Рыспек Ахматбаевге таянып, бийликке келгенден кийин, Рыспекти ошол Бакиевдин балдары өлтүргөн. Ошол кездеги күч структураларынын чоңдору мага: “Рыспекти биз өлтүрдүк” деп айткан. Азыр Сооронбайга жардам берип, чуркап жүргөндөрдү ал иши бүткөндөн кийин өздөрүн өлтүрөт” – деди ал.

“Рыскелди” ынкылапты зэктер үчүн кылган жокпуз” деп айтып жатпайбы. Менимче, зэктердин арасында мен да бармын. 1 жылдан ашык отурдум. Тирүү калсам, дагы 3 жыл отурам го Сооронбай кеткиче деп ойлогом. Мен бийликти күч менен тартып алууга каршымын. Ал ар дайым жаман аяктайт. Алар мыйзамдуу болсун, коопсуздук кызматкерлери саясаттан тышкары деп жатышат. Бул коопсуздук кызматкерлери Сооронбай үчүн жанын беришет. Муну биз Кой-Таштан көрдүк. Курсан Асанов орун басарларын кетирем десе, өзүн Ички иштер министрлигинен кетиришиптир. Жээнбековун “силовиктери” УКМКда, ИИМде, сотто, прокуратурада отурса, базада Алмамбет Салиев отуруп алып Сооронбайдын атынан мурункудай эле башкарып жатса, булар биздин барыбызды жоготкончо күтөбүзбү? Үмүттүн артынан дагы канча адам өлүшү керек? Ошондуктан, тынчтык жолу менен бүтүрүш керек” – деп билдирди Атамбаев.

Атамбаев сөз сүйлөп бүткөндөн кийин, митингчилердин алдына түшүп, алар менен Ала-Тоо аянтын көздөй жөө бет алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: