Бүгүн, 9-октябрда Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери Ала-Тоо аянтына чогулушкан. Эски аянтка чогулган Садыр Жапаровдун тарапкерлери борбордук аянтка келишкен.
Атамбаев менен Бабановдун сөзүнөн кийин аянтта мушташтар башталды. Эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары чыгышты. Митингчилер таш ыргыта башташты. Травматикалык куралдын үнү угулат. Адамдар аянттан качып кете башташты. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевден тышкары, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин жансакчысы да жаракат алды.
Сариевдин айтымында, жансакчы башынан жаракат алган. Бирок ал анын азырынча абалын билбейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ