Menu

Фарид Ниязов: “Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун жана Сапар Исаковдун өмүрүнө кол салуу аракети көрүлдү”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабановдун, Сапар Исаковдун өмүрүнө кол салуу аракети көрүлдү. Бул тууралуу Фарид Ниязов расмий билдирди.

Анын айтымы боюнач, бир күн мурун алар А.Атамбаевдин өмүрүнө атайын кызмат тарабынан кол салуу аракети даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалымат алышкан.

“Прогрессивдүү партиялардын тынчтык митинги учурунда эски аянт тараптан агрессивдүү эл Ала-Тоо аянтына келип, өздөрүн Садыр Жапаровдун жактоочулары деп аташты. Алар трибунага таштарды жана бөтөлкөлөрдү ыргыта башташты.

Массалык башаламандыкка жол бербөө максатында, тынчтык митингинин катышуучулары Ала-Тоо аянтынан кете башташты. Бирок, эски аянттан келгендер унааларды чаап, ок чыгарышкан. Алар Алмазбек Атамбаевге, Өмүрбек Бабановго жана Сапар Исаковго ок чыгарышты. Бир нече унааларда, ошондой эле Атамбаев отурган “Мерседесте” да октун издери калган” – деп айтылат расмий билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: