Menu

Илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн “Нарк Ордо кеңешинин” элге кайрылуусу

Бөлүшүү:

Биз өлкөбүз туңгуюкка кабылган учурда анын тагдырына кайдигер карабаган илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү биригип, “Нарк Ордо кеңешин” түзүп, коомчулукка кайрылуу менен чыгууну туура таптык.

Урматтуу мекендештер!

Касиеттүү кыргыз калкы!

Биз азыр мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калуу апаатына келип калдык. Бийликтин жоктугу – мамлекеттин жоктугу дегендик. Биз кыргыз эли Борбордук Азиядагы эң байыркы калктардын бирибиз. 3 миң жылдан бери кыргыз деген аталышты сактап, ар дайым мамлекеттүүлүгүбүз үчүн күрөшүп келген элбиз. Мамлекет, өзгөчө эгемендик биз үчүн ыйык! Биз баа жеткис ыйык байлыгыбыз – эгемендүүлүгүбүздү соңку 29 жыл аралыгында руханий жакырдыктан улам барктап, баалай албай, саясатчылардын, өлкө тагдырын чечкен башчылардын айынан жоготуп алуу коркунучуна кептелдик. Учурдагы кырдаал, бийлик талашуу, басып алуулар, депутаттардын соодалашып жыйынга келбей отурушу, укуктук талаага түшө албай жаатташуулар анын ачык далили! Биз өлкөбүз ушундай туңгуюкка кабылган учурда анын тагдырына кайдигер карабаган илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү биригип, “Нарк Ордо кеңешин” түзүп, коомчулукка кайрылуу менен чыгууну туура таптык.

Кадырлуу калайык калк!

Өлкө тагдырына күйүп жанган жаштар!

Биз илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү өлкөнүн тагдырын бир ууч олигархтардан турган топко тарттырып ийгенибизге, таасирдүү күч боло албай, четтен байкоочу болуп калганыбызга өкүнөбүз. Ошондой эле өлкөнүн келечек тагдыры коркунучтуу абалга кептелгенине кабатыр болуп, жеңиштин ээси жаштардын мекенчилдик, тазаланууга жасаган аракетин ар тараптан колдоп, бийликти кайрадан бөлүштүрүүгө аракеттенип жаткан саясый партия лидерлеринин кыянаттык аракетине кыжырлануу менен кайрылып жатабыз. Өзгөрүүнү жана өзгөртүүнү каалаган, буга чейин арамдыкка аралашпаган, Мекенибиздин келечегине кайдигер карабаган коомчулук өкүлдөрүн биригүүгө жана эгемендүүлүгүбүздү сактап калууга чакырабыз!

Өлкөбүздөгү оор кырдаалды пайдаланып, котур ташын койнуна катып, мамлекеттүүлүгүбүздүн жок болуусун эңсеген ички жана сырткы күчтөрдүн аракетине биргелешип сокку уруп, өлкөбүздү сактап калууга бир муштумдай биригип күрөшөлү! Тазаланууну катуу талап кылган жаштардын аракетин колдойлу. Мамлекетти кыйроо абалынан сактап, мыйзам талаасына түшүүгө чечкиндүү аракет жасап, курч кырдаалдан тез аранын ичинде чыгуу үчүн бардык күчтөрдү акыл-эске чакырабыз! Биздин ар бир кечиккен убактыбыз өлкөбүздү жоготуу коркунучуна түртөт.

Айрым саясий партия лидерлери жаштардын жеңишин уурдоого аракет кылып, кырдаалды түшүнүп-түшүнбөгөн айрым жаштарга жамынып, карөзгөйлүк менен кызмат талашып, бүтүндөй мамлекеттик түзүмдүн чакчелекейин чыгарууда. Ар кайсыл мекемелерди, министрликтерди, администрацияларды бир ууч топ менен барып басып алуу, жетекчилерин алмаштыруу күч алды. Учурда мамлекетти сактап калаар жалгыз илинчээк укуктук талаа болсо, ага да тоскоолдуктар болуп, аны чече турган депутаттар ачык соодалашып, маселенин чечилишин атайылап созуп жатышат. Президент өз ыйгарым укуктарын токтотпой, элинен жашынып майнапсыз кайрылуулары менен алек.

Саясатчылар! Эгемендүү өлкөбүздүн тагдыры менен ойнобогула! Жоопкерчиликтин бардыгы силердин мойнуңарга жүктөлөт!

Урматтуу илимий-чыгармачылык менен шүгүрлөнгөн интеллигент жамааты, руханий чөйрөнүн асыл ойлуу инсандары!

Өлкөбүз коркунучка кабылганда элдин абийири менен ар-намысы болоор сиздей адамдарды коңулда жатпай бизге кошулууга чакырабыз. Артында калбыры жоктор, өзгөрүүнү жана өзгөртүүнү каалагандар, айтаарга сөзү, абалдан чыгууга сунушу бар мыктылар үчүн эшигибиз ачык. Биз мындай демилге менен кандайдыр бир жеке мүдөөбүзгө жетели деген максатыбыз жок.

Тилегибиз – эгемендүү мамлекетибизди сактап калуу! Элибиздин ынтымагын арттырып, ыйманга, абийирге чакыруу!

Келгиле биригели!

RS: 20дан ашуун илимий-чыгармачыл инсандар демилгелеген “Нарк Ордо кеңешинин” кийинки кадамдары жагдайга карата жасалып, туруктуу интеллектуалдуу коомдук уюмга айланууну калыптандырат. Биз мамлекеттүүлүккө, кыргыз коомчулугуна коркунуч келтирген ар кандай опурталдуу кырдаалда өз үнүбүздү чыгарып, аракеттенип турабыз. Алар коомдун атынан, коомдун ичиндеги чакан топтордун атынан ММКына, Теле-Радио жана интернет айдыңына жарыяланып турат.

Нарк Ордо Кеңеши, 2020-жылдын 9-октябры, Бишкек шаары

Телефон:0550300361 электрондук дарек: [email protected]

Надырбек Алымбеков – Кыргыз Эл акыны

Сулайман Кайыпов – профессор

Меңди Мамазаирова – Кыргыз Эл акыны

Үмүт Култаева –профессор

Чолпонбек Абыкеев – жазуучу

Асан Жакшылыков – Кыргыз Эл акыны

Ташманбет Кененсариев – профессор

Кадыралы Коңкобаев – профессор

Асан Турсункулов – сүрөтчү

Дүйшөн Керимов – журналист

Азамат Болгонбаев – акын

Аалы Туткучев – акын

Рысбай Исаков – манасчы

Шайыр Абдрахманов – журналист

Бекен Назаралиев – жазуучу-журналист

Баяс Турал – тарыхчы-жазуучу

Тынчтыкбек Чоротегин – профессор

Бейшенбек Бекешов – журналист

Кыяс Молдокасымов – тарыхчы

Нурбек Казыев – окумуштуу

Акматбек Маматканов – тарыхчы

Аида Кубатова – тарыхчы

Жылдыз Акаева – жазуучу

Айгүл Элебесова – акын, тарыхчы

Бактыбек Болгомбаев – магистрант

Жамалбек Ырсалиев – журналист

Эмилбек Момунов – журналист

Сымбат Максутова – журналист

Замир Бекбоев – архитектор

Разак Сайдилканов – окумуштуу

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: