Menu

Өкмөт Аппаратынын кеңешмеси өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппарат жетекчиси-министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Темиралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен  кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тийиштүү актуалдуу маселелердин топтому талкууланды.

Анын ичинде өлкөдөгү коронавирус инфекциясынын көбөйүшүнө байланыштуу эпидемиологиялык абал, эмгек акыларды жана социалдык төлөмдөрдү каржылоо маселелери талкууга алынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты өз ишин кадимки режимде улантууда. Бишкек шаарындагы учурдагы коомдук-саясий абалды эске алуу менен кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштеп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: