2010-жылы биз Текебаев, Атамбаев, Сариев, Бекназаров шүмшүктөргө ишенип, эл алданып калганбыз, алар бийликке жетери менен мародерчулук кылып, банк ячейкаларын талап-тоноп 10 жыл мамлекетти башкарыша албай талкалап, карызга батырышты. Эми да бийликке жутунуп жатышат. Кечээги митингдерге алардын балдары катышкан жок. Карапайым элдин балдарын пайдаланып жатышат. Шүмшүктөрдүн балдары, үй-бүлөлөрү чет өлкөдө окуп, жашап кутуруп жатышат. Миллиондогон акчаларды уурдашты. Кыргыз элим, Текебаев, Атамбаев, Сариев, Бабанов шүмшүктөргө дагы алданып калбайлы, буларга ишенбегиле, деп аудио кайрылуу жасады бүгүн, 11-октябрда Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.
Текебаев, Атамбаев, Сариев, Бабанов шүмшүктөрдүн “кара пиарына” ишенип, президентти кетирип, дагы сыздап калбайлы, көзүңөрдү ачкыла, булар элге жакшылык кылбасын 10 жылдан бери көрүп билбедикпи. Эми ишенбегиле, дейт Бактыгүл Жумабаева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ