Menu

Лукашенко менен жолугушуудан кийин абактагы эки оппозиционер бошотулду

Бөлүшүү:

Беларус мамлекеттик телеканалы жекшемби күнү кечинде Мамлекеттик коопсуздук комитетинин тергөө абагынан оппозициянын эки өкүлү бошотулганын билдирди.

Алар президенттикке талапкер болгон Виктор Бабариконун тарапташы, бизнесмен Юрий Воскресенский менен PandaDoc компаниясынын Минскидеги кеңсесинин директору Дмитрий Рабцевич экени айтылууда. Ишкерлер үй камагына чыгышты.

Телесюжетте Воскресенский Лукашенко менен жолугушуунун жыйынтыгында Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоого жана бир катар кишилерди бошотуу жолдорун иштеп чыгууга тапшырма алганын айткан. Рабцевич бизнесин улантууга ниеттенип жатканын билдирген.

Воскресенский менен Рабцевич эркиндикке чыкканын алардын жакындары да ырастады.

Лукашенко ишембиде атайын кызматтын тергөө абагына барып, бир катар оппозиционерлер менен жолуккан. Алар эмне жөнүндө сүйлөшкөнү так белгисиз. Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси негизги темалардын бири болгону айтылууда. Жолугушууга 12 киши катышкан. Алардын арасында Беларус президенттигине талапкер болгон Виктор Бабарико, Конституциялык кеңештин президиумунун мүчөлөрү Максим Знак , Лидия Власова жана саясий технолог Виталий Шкляров бар.

11-октябрда Беларустун баш калаасы Минскиде демонстранттар менен күч кызматкерлери кайрадан кагылышып, анын натыйжасында 200дөн ашуун киши кармалды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду жана чогулгандарга суу бүрктү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: