Menu

Аида Касымалиева: “Депутаттардын мамлекеттик резиденцияда кабыл алган чечими легитимсиз, Садыр Жапаровдун премьер-министр катары кабыл алган чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес”

Бөлүшүү:

10-октябрда мамлекеттик резиденцияда өткөн депутаттардын жыйыны, Конституцияда талап кылынган катышуучу депутаттардын санынын жоктугуна жана аны өткөрүү шарттарына байланыштуу, расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны деп таанылышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касымалиеванын расмий билдирүүсүндө айтылат.

Буга ылайык, кабыл алынды делген чечимдердин бардыгы юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз. Эгерде кимдир бирөө бул документтерге ЖКнын расмий токтомдору катары кол койсо, анда бул бийликти басып алууга жасалган чабуулдун тиешелүү квалификациясына туура келет.

Ошентип, учурда Садыр Жапаровду дайындоо боюнча Жогорку Кеңештин чечимдери жок. Анын премерликке шайлангандыгы Жогорку Кеңештин расмий документтеринде тастыкталган эмес жана ал президентке бекитүү үчүн жөнөтүлгөн эмес. Садыр Жапаровдун премьер-министр катары кабыл алган бардык чечимдери юридикалык күчкө ээ эмес.

А.Б.Баатырбеков КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу бойдон калууда.

Аида Касымалиева Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин мурдагы мүчөлөрдү өз милдеттерин аткарууну улантууга чакырат.

Учурда Жогорку Кеңештин жыйынынын күнүн жана ордун белгилөө боюнча консультациялар жүрүп жатат. Төрага Дастан Жумабеков отставкага кеткенине байланыштуу ЖКнын төрагасынын ыйгарым укуктары көпчүлүктүн коалициясынан шайланган вице-спикери Аида Касымалиевага өтөт.

https://www.facebook.com/aida.kasymalieva/posts/10220142059154209

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: