Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 1, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.
Бишкекте, Киев көчөсүндө, көп кабаттуу турак үйдүн батириндеги газ плита, жыгач пол, кир жуугуч машина жана шкаф күйүп кеткен.
Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Момунжанов көчөсүндө турак үй күйүп кеткен.
Сокулук айылынын Калинин көчөсүндө “Хонда Фит” унаасынын кыймылдаткычы күйүп кеткен.
Аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ