Menu

Фото – ЕАЭБтин бажы аймагынан мыйзамсыз ташылып бараткан 3 297 000 сомдук товар кармалды

Бөлүшүү:

ЕАЭБтин бажы аймагынан мыйзамсыз ташылып бараткан 3 297 000 сомдук товарды Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

ЕАЭБтин бажы аймагына/аймагынан товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунда “У.М.Ш.” аттуу Республика Өзбекстандын жаранынын башкаруусундагы “МАН” үлгүсүндөгү транспорт каражатын “KOGEL” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүнө бажылык тыкыр кароо жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынан чектеш мамлекетке мыйзамсыз ташылып бара жаткан жалпы салмагы 8775 кг болгон 219360 даана 100 ваттык лампочкалар жана М400-Д20 маркасындагы 1100 кг портланд цемент табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 3 297 000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: