Бардык саясий күчтөр менен жолукканда (Атамбаевден башка) бардыгы эле тынчтык үчүн деп макул болушкандай болгон. Бирок, мен өкмөт үйүнө келип иштеп баштаганда, кызматтык унаамды, жан сакчыларымды алып коюшту. Эмне болду (?) десем, “приказ” келди деди. Өмүрбек Суваналиев отуруп алып буйрук берип жатыптыр. Суваналиев мыйзамсыз отурат, анын буйрук бергенге укугу жок. Анын буйруктарын УКМКнын кызматкерлери аткарууга мүмкүн эмес” – деди Садыр Жапаров журналист Аманбол Бабакуловго 8-октябрда берген интервьюсунда.
Анын айтымында, “Форумда” Кубат Болотканов жана Калык деген балдар элге 2000 сомдон берилет деп убадалап, аянтка митингге чыгууну үндөшкөнү, депутат Кенжебек Бокоев Таласта эл чогултуп жүргөнү тууралуу маалыматтар, далилдер, аудиожазуулар бар.
“Ачыгын айтканда, Бабанов “мен премьер-министр” болом деп мага айтты. Сен “отказ” бер, депутаттарды чогултуп экөөбүздүн талапкерлигизди коелу, сен өтсөң сен өт, мен өтсөм мен өтөйүн” дейт. Эгерде андай кыла турган болсок, эч ким өтпөйт, кайра эле баягы мыйзамсыз талаага чыгып кетебиз. Мен креслого жабышып отургум келген жок, тезинен стабилдүүлүккө келели, толук кандуу иштейли деп айтып жатам” – деди Садыр Жапаров.
https://www.facebook.com/100005723317611/videos/1444544909079606/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ