Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековду 5-9-октябрда Бишкекте болуп өткөн баш аламандыктарды уюштурууга катышкан деген шек менен 2 айга, 10-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1 ге камакка алды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков 10-октябрда милиция тарабынан кармалып, 48 саатка Бишкек убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ