Бүгүн, 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовду жана Канат Сагымбаевди 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан деген шек менен 2 айга, 10-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1 абагына камакка алды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Фарид Ниязовду жана Канат Сагымбаевди укук коргоо органдары 10-октябрь күнү кармашып, 48 саатка абакка киргизишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ