Menu

Түркмөнстанда тамеки жана насыбай чеккендерге куугунтук уланууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда полиция кызматкерлери тамеки жана насыбай чеккен адамдарга карата куугунтукту улантууда. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, акыркы кездери өлкөдө насыбай чеккендер көбөйүүдө. Буга тамекинин тартыштыгы жана кымбатташы себеп болууда. Бүгүнкү күндө Мары облусунда эң арзан тамекинин кутусу 230-240 манат, бир даанасы 12 манаттан сатылууда. Түркмөнстандын Борбордук банкы белгилеген расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Түркмөнстанда 2000-жылдан бери коомдук жайларда тамеки тартууга болбойт. Мындан тышкары өлкөдө насыябай өндүрүүгө жана аны колдонууга тыюу салынган.

Түркмөнстан 2015-жылы чоң кишилердин арасында тамеки чеккендердин саны 5 пайызга жетпеген аймактагы алгачкы өлкө болуу аракети башталганын билдирген. Бийликтин планына ылайык, Түркмөнстан 2025-жылга карата тамекисиз өлкө деген макамга жетиши керек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркмөнстан тамеки тарткандардын саны боюнча дүйнөдө акыркы орунда турат — өлкө калктын 8% гана чылым чегет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: