Menu

БУУ: Бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп Жээнбековду тааныйбыз

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу 12-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн БУУнун баш катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, БУУ өкүлү бул уюм Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана кызматташтыгы улана берерин белгилеп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан тынч жол менен чыгууга чакырды.

Герман президент мыйзамдын негизинде, бардык саясий күчтөрдүн колдоосу менен туура чечимдерди кабыл аларына үмүт бар экенин айтты. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып жатканын белгилеп, кризистен чыгуу жолдорун табууга, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана экономиканы тезинен турукташтырууга жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Министр Айдарбеков БУУнун өкүлүнө ыраазычылык айтып, президент Жээнбеков Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерди мыйзам нугуна бурууга бардык аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттин жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин өлкөдө башаламандык болуп, саясий кризис орноп турат.

Мөөнөтү аяктап бараткан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйыны премьер министр катары тааныган Садыр Жапаровдун тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылууда. Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү, бир катар саясий күчтөр Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоону легитимсиз деп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: