Menu

Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугушту, президент премьер-министрдин шайланышы легитимдүү экени күмөн жаратпашы зарыл деп билдирди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому боюнча өз позициясын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аталган маселени Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 36 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: