Menu

АКШ элчилиги: Кыргызстандагы конституциялык тартипке каршы коркунучтар тууралуу билдирүү

Бөлүшүү:

Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасындагы тынчтык жана демократиялык өзгөрүүлөрдү колдойт. Толугу менен ачык көрүнүп тургандай, демократиялык процесстердин жолунда турган бөгөттөрдүн бири – уюшулган кылмыштык топтордун саясат менен шайлоого таасир этүү аракети. Буга, 4-октябрь шайлоодогу добуш сатып алуу, 9-октябрда Ала Тоо аянтындагы зомбулук жана коркутуулар, жана ошондой эле, 10-октябрдагы парламенттик жыйындагы бузуулар далил болуп турат.

Кошмо Штаттары Президент Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун конституциялык тартипке кайтарып келүү аракеттерин колдойт. Жарандар жана алардын лидерлери уюшулган криминалдын жана коррупциянын саясаттагы таасирине каршы күрөшүн улантуусу зарыл. Кыргызстандын конституциясын аткаруу жана мыйзам үстөмдүгү башкы максат болуусу тийиш.

Кошмо Штаттары кыргыз элин колдоп, жана Кыргыз Республикасынын бардык кошуналарын жана эле аралык өнөктөштөрүн Кыргызстандын эгемендүүлүгүн урматтоого чакырат. Анткени, кыргыз эли бул маселелерди чечүү үчүн зомбулуксуз жана өз алдынча иш алып барууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: