Menu

Феликс Кулов өз булагына таянып, Темирлан Султанбеков абактан бошотулат деп билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-октябрда мурдагы премьер-министр жана депутат Феликс Кулов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга таянып, депутаттыкка талапкер Темирлан Султанбеков СИЗОдон чыгат деп жазды.

Анын айтымында, Президент Сооронбай Жээнбеков күч түзүмдөрү 9-октябрда борбордук аянтта болгон массалык башаламандыктын катышуучулары делген жаштарды камай баштаганын укканда, катуу нааразы болгон жана бүгүн эртең менен куугунтуктоолорду токтотууну жана камактагылардын бардыгын бошотууну буйрук кылгае. Алардын арасында Темирлан Султанбеков дагы бар.

Эскерте кетсек, Темирлан Султанбеков 10-октябрда Ички иштер министрлигинин тергөө тобу тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 48 саатка камакка алынган. 11-октябрда ал ачкачылык жарыялаган. 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май соту анын баш коргоо чарасын карап, массалык башаламандыкты уюштурганы үчүн 10-декабрга чейин СИЗО-1ге камакка алынгын. 

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=945488165974521&id=100015400396703

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: