Menu

Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине каршы

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо башталганга чейин айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда парламенттин спикерлигине талапкер Канат Исаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, парламент ушундай оор күндөрдө иштеп, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыз кылышы керек.

Ал ушундай кырдаалда парламентте чоң роль ойной турганын, ошондуктан, эки айдын ичинде өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу максатында айрым мыйзамдарга жана башка чечимдерге өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине каршы.

“Президент – өлкөдөгү мыйзамдуулуктун жана туруктуулуктун кепилдиги. Ал калышы керек ”, – деди Канат Исаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: