Бүгүн, 14-октябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму болот. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында жарыялаган.
“Медиага: 14-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталат. Убактысы: 9:30, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы. Күн тартиби: Өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү”, – деп жазат Ибраим Нуракун уулу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ