Menu

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу башчысы деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт жана колдойт

Бөлүшүү:

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу ал 13-октябрда өзүнүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.

“Боордош Кыргыз элиндеги жагдайдын акырындап конституциялык жолго кайтканы кубантат. Биз бардык саясый күчтөрдү тирешүүлөрдүн алгачкы сааттарынан эле сабырдуулукка чакырып келдик. 

Президент Сооронбай Жээнбеков – мамлекеттин легитимдүү башчысы. Ошондуктан анын тирешүүлөрдү токтотуп, эл арасындагы акыбалды калыпка келтирүүгө багытталган аракеттерин колдоймун. Казакстан үчүн Кыргызстандагы туруктуулук стратегиялык өнөктөш жана шериктеш катары маанилүү болуп саналат“, – деп жазат Касым-Жоомарт Токаев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: