Menu

Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда Парламенттин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Күн тартибине депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызмат ордуна бекитүү маселесин киргизишти.

Жыйынга 83 депутат катышууда, сегиз депутат кесиптештерине ишеним каттарын тапшырышты.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү. Эл депутаттары анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.

10-октябрда кезексиз жыйында Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырды. Юристтер эл депутаттарынын бир бөлүгүнүн чечиминин мыйзамдуулугуна шек келтиришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: