Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында КР Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын 702 аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган жаш жоокерлер аскердик ант беришти. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 151 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташкан.
Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай бою атайын даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан өтүшкөн.
Анда саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүшкн..
Аскердик антка байланыштуу салтанаттуу жыйынга КР ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысынын орун басары-штаб башчысы, полковник Д.Алыбаев катышкан.
Бул ирет салтанатка жоокерлердин ата-энелери, жакындары чакырылган эмес, себеби жетекчилик өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ