Menu

Садыр Жапаров, премьер-министр: Такталбаган маалыматтарга караганда, Райымбек Матраимов чет жерде жүрөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берип жатат.

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жүргөн жери жөнүндө сураганда, Садыр Жапаров: “Такталбаган маалыматтар боюнча ал чет жакта жүрөт” – деп жооп берди.

Эске салсак, Райымбек Матраимовдун бир тууганы, Кара-Суу районунун акими болуп иштеген Тилек Матраимов Кыргызстанда, анткени ал чек арадан мыйзамсыз өтүп жатканда кармалып, өзбек чек арачылары кайтарып берген. Сот 9-ноябрга чейин тергөө абагында болуш керек деген чечим чыгарган. Башка бир туугандар Русланбек жана Исламбек Матраимовдор дагы Кыргызстанда. Парламенттин депутаты Искандер Матраимов кайда, белгисиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: