Menu

Мейманбү Акжолова, коомдук активист: «Таза шайлоо – стабилдүүлүктүн түркүгү!»

Бөлүшүү:

Мамлекеттин келечегин, урпактардын келечегин жакшы нукка бураалабызбы? Кандай жолду тандайбыз? – деген суроо келечекке кайдыгер эмес адамдарды ойлондурууда. Тээ алмустактан бери көчмөн калкы, Журт башкаруучуну тандаганда жыйынга чогулуп, ачык айтып, ак сүйлөп өз чыгаандарын тандап, шайлап келгени Манас эпосунда да айтылат. Демек, Шайлоонун негизинде элдин тандоосу менен мамлекеттин келечеги аныкталат.

Эгемендик алган жылдар аралыгына саресеп салсак, бир дагы шайлоодо элдин тандоосу эркин болбой, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганы үчүн биздин өлкө өнүкпөй чайналып, чайпалып келет!

Административдик ресурсту пайдалануу менен добуштарды сатып алуу мамлекетибизде көйгөйлүү маселе бойдон калууда.

Ал эми, таза шайлоого болуп көрбөгөндөй муктаждык бар деп, 2010-жылдагы кандуу июнь окуясына карата, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго кайрылуу иретинде пикир билдиргенмин.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой акчалуу партиялар “Бийлик каалаган партиясын шайлоодон өткөрүп алат, өткөрүп келген. Силердин добушуңардан көз каранды эмес, андан көрө берген акчаларды алып.., бизди шайлагыла!..” деп жазгарып, туура эмес иш тутканына калың журт күбө.

Урматтуу замандаштар, Шайлоо эмне үчүн таза жана так өтүшү биздин өлкөгө аба менен суудай керек? Анткени, өлкөнүн стабилдүүлүгүнүн түркүгү – Таза шайлоо!

Кыргызда «Аманатка кыянаттык кылба!»- деген алтынга алмаштыргыс сөз бар… Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында ар бир 18 жашка толгон жаран, эркин добуш берүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн. Жарандардын шайлоого болгон укугуна кыянаттык жасап, бюджеттен каржылангандарды менчиктеп, бийликчил партия кысмакка алды.

Башкалары акчасын сунуштап баш айландырса, дос, тууганчылдыктын курмандыгына айланган “шайлоочу” таламайга кабылды.

Анын жыйынтыгында эл агылып борборго барып, “ичтеги арманын” төгүп салды жана өлкөбүз мыйзам талаасына келе албай убара тартты..

Айта турган маселе көп, алардын көпчүлүгү ачык-айкын борбордук аянтта айтылды… Жарандардын шайлоого болгон укугуна кыянаттык жасалбай, кысмакка алынбай, акыл менен кеңешип, жүрөк менен татыктууларды тандаганда өлкөдө нааразычылык болбой, өнүгүүгө багыт алаарыбыз көрүнүп турат!

Добуш сатып алгандар, добушун саткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаары айтылып жатса да, тетири иш жасалды.

Аны ким жасады? Аны карапайым эл жасаган жок, аны жулунуп кайрадан бийликте “калпты калпып” адатымча олтура берейин деген жулкунбайлар жасады!

Таза эмес шайлоонун азабынан, добуштарын сатып эки же үч миң алган жарандар, ыраазы болуп, сүйүнүп калышкан жок. Алар бул акчалар, уурдалбай өлкө казынасына түшкөндө канча маселелер чечилээрин билип
турушту. Элдин акчаларын уурдап алып, мылжыңдап, табышкер болумуштарды эл жек көрүп, аргасыз мүңкүрөдү. Ал партияларга эл өз баасын берип, башкача ат ыйгарышты жана борбордук аянттагы нааразычылык ошол партиялардын башчыларына, мүчөлөрүнө багытталды…

Мындай кырдаалдан арылууга көп деле күч жумшагандын зарылчылыгы жок.

Негизинен:
– добуш сатып алуу аракетин көргөндөргө укук коргоо органдары “Арыз түшкөн жок”, деп шылтоолобой ыкчам чара көрүүсү зарыл. Себеби, добуш сатып алуучу жок болсо, сатуучу эч качан болбойт;

– Шайлоого аттанган партиялар тең укуктуу, бирдей шартта болуусу керек. Анткени, оппозиция, бийликчил, либерал ж.б. түшүнүктөр шайлоодон кийин, алган добуштарга жана коалициялык биригүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталышы шарт. Бюджеттен каржыланган кызматкерлер бийликчил партияны шайлоого милдеттүү эмес экени Өкмөт тарабынан жеткиликтүү түшүндүрүлүп камсыздалышы зарыл;

– Санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн жардамында салттуу “үгүт жүргүзүү” ыкмасына өзгөртүү киргизүү. Дебаттар аркылуу талапкерлерди сыноо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана партиянын программалары менен тааныштыруу.

Пандемия шартын эске алып, элди жыйноонун ордуна социалдык тармактардан аянтча түзүп, суроо-жооптор менен түз эфирлерди уюштуруу бейпайда чыгымдарга бөгөт коёт. Жыйынга “эл көп келди” аракетин көрүп микроавтобустар менен туугандарын, башка адамдарды ташып, “келип бергиле” деп акча берип убара тартуунун кажети жоголот.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, мамлекет башчыбыздын сөзү так жана кынтыксыз аткрылышын камсыздоо түздөн-түз Өкмөттөн жана тармактык түзүмдөрдөн көз каранды.

Бир эле мисал, Президент С.Ш.Жээнбеков шайлоону таза өткөрөбүз деп элге кайрылды, жыйынтыгы кандай болду баарыбызга маалым.

Өкмөт башчылыгына шайланган С.Н.Жапаровго “күмүш сырга” катары айтаарыбыз, чындыгында VI чакырылыштын дээрлик көпчүлүк депутаттары “Мамлекет жана мамлекеттик түзүлүш…” ж.б. маанилүү түшүнүктөр боюнча кабары жок, кайдыгер адамдар экенин убакыт ачыктады. Башкасын айтпаганда да, акыркы күндөрү өкмөттүн жана өлкөнүн башчылыгына С.Н.Жапаровду сунуштап эл толкуп жатканда, бир эле маселеге үч жолу жыйын өткөрүштү. Мындай жорук Эл аралык аренада абийр алып келбейт. Эгерде депутаттардын өз билим, дараметтери жетпей жатса, дасыккан юристтер менен кеңешип, талкуудан өткөрүп жыйынтыгын коомчулукка алып чыгууну адатка айлантуусу туура болот. Анткени, ички саясат менен тышкы саясат кадамдаш, катарлаш жүрөөрүн унутпасак.

Жаңы Өкмөт башына келген С.Н.Жапаровдун эмгек жолу жана саясаттагы орду, басып өткөн оош-кыйыш мезгилдери, чет жактагы Польша, Россия мамлекеттеринде жүргөн учурлары, пикирлеш адамдары менен акыркы абактагы сынооору такшалтып, тажрыйбасын арттырды деген үмүт жаралды. Өлкөбүздүн оор жүгүн артынып, карапайым элдин укугун коргогон мамлекетти өнүгүүгө багыттаган тарыхий Инсандардын арасын толуктайт деген ишеничти жаратууда!

Кайрадан өткөрүлүүчү шайлоо биздин мамлекеттин келечеги, балдарыбыздын, урпактарыбыздын келечеги добуш берүүчүлөрдүн жана Шайлоого аттануучуларга берилген аманат экени ар дайым эсибизде болсо.

Ошондой эле, талапкерлер бул жолу карапайым калк арасынан чыккан, илимдүү-билимдүү, негизгиси напсиси ток, ыймандуу, мекенчил инсандар болушуна тилектеш бололу!

Урматтуу замадаштар, баарыбыз жоопкерчилик менен берген добуштарыбыздын натыйжасында мамлекетибиздин өнүгүү жолуна багыт алган күнгө күбө бололу!

Мен Мейманбү Акжолова, Сиздер менен ой бөлүштүм, жалпыңыздарды пикир кошууга чакырамын, аман болуңуздар!

Мейманбү Акжолова, коомдук активист.                   

10-октябрь 2020-жыл.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: