Menu

Фото – Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты

Бөлүшүү:
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасында болуп, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча ооруканада жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн оңдоп-түздөө иштеринин аяктагандыгы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Кенже Уралиеванын айтымында, – жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери эки этапта жүргүзүлүүдө, учурда биринчи жана экинчи блоктордо оңдоо иштери толугу менен аяктап, учурда бейтаптар дарыланып жатышат. Жакында үчүнчү блок бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.
Ысык-Көл облусунун аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Талант Такенеев белгилегендей, учурда 18 бейтап стационардык дарыланууда, анын экөө пневмония менен, 16 бейтап лабораториялык тастыкталган COVID-19 илдетинен дарыланып жатышат.
“Жугуштуу оорулар бөлүмү 60 орунга ылайыкташтырылган, анын 10у реанимация бөлүмү.”Кызыл зонада” иштөө үчүн медициналык кызматкерлердин 6 тобу түзүлдү. Бардык керектүү медициналык шаймандар алынды. Ошондой эле, төртүнчү клиникалык протоколго ылайык коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасы бар. Жеке коргонуу каражаттарын алуу үчүн кошумча тендер жарыяланды», – деп билдирди Талант Такенеев.
   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: