Menu

Садыр Жапаров, премьер-министр: “Президент отставкага кетет, эртең саат 11:00гө чейин убакыт бергиле”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрдын кечинде Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында турган өзүнүн тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөдү.

“Силердин биринчи талабыңар аткарылып, бүгүн мени премьер-министр кылып бекитип беришти. Ал эми экинчи талабыңар – президенттин отставкасы боюнча бүгүн кечке чейин сүйлөшүүлөр жүрдү”, – деп билдирди Садыр Жапаров.

“Бирок бүгүн сүйлөшүүлөр бүтпөй калды, силер резиденцияга жөнөп жатышат дегенинен мен шашылыш бул жакка баса бердим. Эртең саат 11:00гө чейин убакыт бергиле.  Президент кетет. Сүйлөшүүлөр аяктап баратат. Ортомчулар да суранышты эртең саат 11:00ге чейин деп.  Ал кетет. Мени угуп койгула, акыркы жолу суранам. Эртең саат 11:00гө чейин тарап кеткиле. Ага чейин сүйлөшүүлөр бүтөт. Мен алданбайм”, – деди Садыр Жапаров. Бирок митингичилер нааразы болуп “Кетсин!” деп кыйкырып  жатышты.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуу нукка түшүп, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин отставкага кетет деп билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

43 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: