Бүгүн, 14-октябрда Эски аянттагы Садыр Жапаровду колдоп келген анын тарапташтары “Ак-Кеме” мейманканасын көздөй бет алышты.
Митингчилердин бир бөлүгү Ала-Тоо аянтынан өтүп, элдик кошуундар аларды тарап кетүүгө үндөштү.
Митингчилер президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, Жапаров өз тарапкерлерине президент менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты. Ал эми, президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчы парламенттик шайлоодон кийин кызматтан кетет деген позицияны жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ