Menu

Президенттин басма сөз кызматы: ИИМдин жана Бишкек комендатурасынын өзгөчө абал талаптарын аткарбай жаткандыгы бизди чочулатууда

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин аракетсиздиги жана Бишкек комендатурасынын өзгөчө абал талаптарын аткарбай жаткандыгы бизди чочулатат. Бул тууралуу кечээ, 14-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандардын Бишкек шаарынын эски аянтындагы митингдин катышуучулары мамлекеттик резиденцияны көздөй бет алышты деген кооптонуу менен көптөгөн чакырууларга байланыштуу, эсиңиздерге салабыз: жарлыкка ылайык, саат 22:00дөн 5:00гө чейин борбор калаада коменданттык саат жарыяланган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Президенттик аппарат Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын комендатурасынын жана мамлекеттик резиденцияны көздөй бет алгандардын иш-аракеттери үчүн жооп бере албайт, деп билдирди басма сөз кызматы.

Буга чейин маалымдалгандай, Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митингинен кийин белгисиз адамдар мамлекеттик резиденцияга барууга чакырышкан, бирок тарапташтар чагымчылдыкка берилбөөгө жана тарап кетүүгө үндөшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: