Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков сүйлөшүүлөрдөгү ортомчулардын бири Курманкул Зулушевдин үнүнө окшош адамга “Сөзүңөргө турбаган катын экенсиңер! Нах…!” деп ачууланып тилдеген тасма тарады

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун ортосундагы 6-октябрдан берки сүйлөшүүлөрүнүн ортомчуларынын бири, депутат Курманкул Зулушевдин үнүнө окшош адамга президент Жээнбеков “Сөзүңөргө турбаган катын экенсиңер! Нах…!” деп ачууланып тилдеп жаткан аудиотасма социалдык тармактарда тарады.

Ортомчулар Зулушев, Ташиев, Мамытовдор президенттин иниси Асылбек Жээнбеков аркылуу 5-октябрдан кийин кайда экени белгисиз президент Жээнбековго байланышып, Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышына көмөктөшсө президент өлкө туруктуулукка жетип, парламенттик шайлоо өткөнгө чейин ордунда калат деп кепилдик беришкен.

Бирок Садыр Жапаров премьер-министрдик кызматка жеткенден кийин ал кепилдик ишке ашкан эмес.

Эсиңиздерге сала кетсек, жаңы премьер-министр Садыр Жапаров өзүнүн саясаттагы үзөңгүлөш достору Камчыбек Ташиевди КР УКМКнын төрагасы же Коргоо министри (Генштабдын начальниги) кызматына, Курманкул Зулушевди КР Жогорку соттун төрагасы, Талант Мамытовду КР Башкы прокурору кызматына таптап жатканын биздин жеке булактар билдирди.

“Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей ар бир жаңы премьер-министр кызматка келгенде албетте өзүнүн командасын бийликке алып келет. Садыр Жапаровдун командасынын негизги өзөгүн ушул 3 саясатчы түзүшөт сымал, анткени кечээ КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун токтоосуз отставкасын талап кылууда да ушул 3 саясатчы премьер-министр Садыр Жапаровду активдүү колдоп, ортомчу болуп жүрүштү.

PS. Бул маалымат жарыялангандан кийин депутат Курманкул Зулушевдин өкүлдөрү редакцияга телефон чалышып, аудиотасмадагы үн аныкы эмес деп билдиришти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: