Menu

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровго Сооронбай Жээнбековду кетирүүгө жардам берүүгө даяр

Бөлүшүү:

Соттун чечими алдында үй камагына чыгарылган активист, “Социал-демократтар” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Темирлан Султанбеков жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу КСДП партиясынын катчылыгы журналисттерге билдирди.

Жолугушуу өкмөт башчысынын демилгеси менен өткөнү такталды.

“Мен Садыр Жапаровго анын калктын колдоосу чоң экендигин жана ага чоң үмүт артылып жаткандыгын айттым. Анын ката кетирүүгө укугу жок”, – деп саясий уюмдун катчылыгында Темирлан Султанбековдун сөзү келтирилген.

Султанбековдун айтымында, Садыр Жапаров баарын башынан баштоого даяр экендигин билдирди.

“Эгерде Садыр Жапаров кризистик менеджердин милдетин өзүнө алып, Жээнбековдорду кууп чыгууга даяр болсо, ага бул жагынан колдоо керек” – деди Темирлан Султанбеков.

Эскерте кетсек, Темирлан Султанбеков башаламандык уюштурган деп айыпталууда. Ал 9-октябрда аянтта өткөн митингден кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал СИЗО-1ге жайгаштырылып, бирок кечээ, 14-октябрда үй камагына бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: