Menu

Фото – Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эмгек жамаатка тааныштырылды

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Бактыбек Аманбаев КР Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Нуржигит Кадырбековду КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында дайындалганын белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Ага ылайык, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.  Нуржигит Кадырбековичтин билим деңгээли жана маданиятты көтөрүүгө кошуп келе жаткан салымы эске алынды.  Жаңы министрди баарыңыздар тааныйсыздар, чогуу иштешкенсиздер. Биргеликте мадания тармагын өнүктүрүүгө салым кошосуздар деген үмүттөмүн», – деди Бактыбек Аманбаев.

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр маданият тармагынын ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы салым кошууга чакырды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: