Алматы шаардык тергөө соту өлкөдө тыюу салынган “Көше” партиясынын ишине аралашкан деп айыпталган активисттер Абай Бегимбетов менен Асхат Жексембаевдин камактагы мөөнөтүн бир айга узартты.
Бул тууралуу RFE/RL радиосунун казак кызматына алардын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.
23-августта тергөө соту активисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.
Адвокаттын айтымында, 14-октябрда прокурор тергөөчүнүн өтүнүчүн колдоп, тергөөгө дагы убакыт керек экенин айткан. Тергөө каттоого алынган телефондор менен компьютерлерди текшерүүгө убакыт керек деп эсептейт.
7-сентябрда апелляциялык сот Бегимбетов менен Жексебаевди камакта калтырган.
47 жаштагы Асхат Жексебаев быйыл алты жолу администртивдик камакка алынган. Аны менен жашташ Абай Бегимбетов 18-июнда Алматыдагы жүрүшкө катышканы үчүн айыппулга жыгылган.
Казакстанда февралда түптөлгөн “Көше” партиясы май айында Нур-Султандагы Есил райондук сотунун чечими менен “экстремисттик уюм” катары таанылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ