Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, 13-октябрда Ош облустук сотунун соттук коллегиясы жактоочу Матраимовдун арызын карап, арызды канааттандырган. Ал үй камагына бошотулган.
Эске салсак, 6-октябрга чейин Кара-Суу районунун акиминин кызматын ээлеп келген Тилек Матраимов 2020-жылы 7-октябрда өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен өзбек чек арачылары тарабынан кармалган – болжол менен ал жана башка туугандары мыйзамсыз жол менен, дарыянын аркы өйүзүнөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Аны менен кошо уулу, жээни жана башка туугандары, ошондой эле жеке күзөтчү кармалган. Болжолдуу түрдө алардын арасында Искендер Матраимовдун уулу дагы бар.
Тилек Матраимов КР Бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовдун иниси катары белгилүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ