Menu

Бишкектеги митингчилер Канат Исаев кызматтан кетпесе, үйүнө барып, баарын талкалайбыз деп коркутушууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-октябрда премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасына чогулушту.

Алар алгач президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышты.

Көп убакыт өтпөй КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков өз кызматынан отставкага кеткенин расмий жарыялады.

Андан кийин алардын талаптары Канат Исаевди кызматтан кетирүү болду.

Митингге чыккандардын айтымында, 120 депутаттын бардыгы тең ушунча жылдан бери өлкөнү тоноп келишкен жана эл ушунун баарынан тажап бүттү.

“Биз Кыргызстандын сыртында ушунча жыл силер байып кетиш үчүн иштеген эмесбиз. Жакшы жашоо издеп жүрдүк. Жетишет баардыгы. Канат Исаев, эгер сен кызматтан кетпесең, анда биз сенин үйүңө барып, баарын талкалайбыз” – деп нааразычылык билдиришүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: