Menu

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова КР Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды

Бөлүшүү:

КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова КР Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы жетекчи – Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр жаңы жетекчини тааныштырууда белгилегендей, ушундай кыйын кырдаалда күч-аракетибизди бириктирүү менен саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди, биринчи кезекте, COVID-19 илдетине каршы күрөшүү маселесин чечүүбүз зарыл.

«Күн сайын COVID-19 илдетин жугузуп алгандардын саны өсүүдө. Медициналык мекемелердин даярдыгы, мобилдик бригадаларды комплекттөө, зарыл дары-дармек каражаттары менен камсыздоо, кадрдык ресурсту даярдоо – биздин алдыбызда турган артыкчылыктуу милдеттер. Буга катар коронавирустан башка оорулардын алдын алуу жана дарылоо маселеси да көңүлдүн борборунда болушу абзел», – деп жыйынтыктады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: