Парламенттин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу болот. Бул Конституцияда жазылган.
Белгилей кетсек, Канат Исаев 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Негизги Мыйзамга ылайык, эгерде мамлекет башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе же ал каза болсо, анда анын ыйгарым укуктары штаттагы экинчи адамга – бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын спикерине өткөрүлүп берилет.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн отставкага кеткенин жарыялады. Ал ошондой эле премьер-министр Садыр Жапаровду жана башка саясатчыларды өлкөнүн борборунан өз тарапташтарын чыгарып кетүүгө жана бишкектиктерге тынч жашоону кайтарып берүүгө чакырды.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ