Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Канат Исаев кызматтан кетеби?

Бөлүшүү:

Эртең, 16-октябрда парламенттин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, президенттин кызматтан кетишин кабыл алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Конституцияга ылайык, өлкө башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, Жогорку Кеңештин төрагасы жаңысы шайланганга чейин президенттин милдетин аткарышы керек.

Аянттагы митингчилер президенттин милдетин аткарган спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Канат Исаев журналисттердин “Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кызматынан кетесизби же жокпу?”деген суроосуна жооп кайтарган эмес. Бирок ал VI чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок экенин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: