Menu

Азимбек Бекназаров: Акылды кара күч, чындыкты ушак менен жалган, адалды арам жеңе баштады!

Бөлүшүү:

Абал бир аз болсо да жакшырганы менен өлкөнүн, элдин эртеңкиси белгисиз, туңгуюк бойдон турат. Эл өкүлдөрү делген Жогорку Кеңештин депутаттары ушундай оор күндөрү да элди, өлкөнү ойлобой, адаттарынча көпчүлүгү жеке кызыкчылыктарын ойлоп ар кайсы эшикти сагалап жүрүшсө айрымдары партиялык кызыкчылыктан өйдө көтөрүлө албады. Жогорку Кеңеш Конституциялык ыйгарым укуктарын аткарып, мыйзамдуу жыйын өткөрүп, жаңы Өкмөт башчыны шайлап саясий курч абалды турукташтыруунун ордуна, кворум түзбөй, качышып жатканы ага далил.

Азыр Кыргызстан бүткүл дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда. Алар: “кыргыздар өз мамлекетин кантип сактап, өтө оор абалдан кандайча чыгаар экен”- деп, карап турушат. Кыргыздардын акыйкаттык, таза шайлоо үчүн күрөшүнө суктанып, “бали кыргыз, жаша кыргыз” дегендер көп, бирок ар кайсы партиялар аркылуу, кыргыздын ынтымагын бузуп, Кыргызстандын эгемендигине көз карандысыздыгына шек келтирип, Кыргыздарды “ынтымагы жок, өзүнчө мамлекет кура албаган эл” деңгээлине түшүрүп, анан Крым жолу менен Россияга кошууну каалаган сырткы, ички күчтөрдүн иш планы ошолордон каржыланган партиялар, жеке инсандар аркылуу активдүү ишке ашырылууда. Ал эми батышчыл партиялар болсо, азыркы партиялык тизмени шайлатуу системаны сактап калып, кыргыздын каада-салтын, тилин, маданиятын, динин акырында өзүн жок кылууну улантууда. Айтор, Кыргызстан бүгүн дүйнөлүк эки чоң державалык саясаттын саясый күрөш майданына айланды. Ушундай учурда, илгертеден каныбызга сиңген, кыргыздын башына кыйынчылык түшкөндө бириге калчу касиетибизди жоготпой, орусчулуна да, батышчылына да алданбай, түпкүлүктүү, уюткулуу журт экенибизди дагы бир жолу көрсөтөлү. Болуп көрбөгөндөй сак бололу! Чыныгы кыргыз болсоң, мекенчил болсоң, ар бир айыл, шаарларда ыктыярдуу элдик кошуун түзгүлө. Шайлоо өнөктөшүндө кайсы партия кимдики экенин жакшы билбесең да шайлоо бүткөндөн берки 8 күндө, кимдин ким экенин эмне максаты бар экенин көрдүңөр, угуп жатасыңар. Кыргызды өз депутатын түз, тике тандатпай, мал катары эсептеп, өздөрү түзгөн партиялык тизмени шайлатуунун кесепетин, максатын 2008-жылдан бери көрүп келсеңер эми акыркы 8 күндө толук түшүндүңөр го деп ойлойм.

Ал эми Жогорку Кеңеш болсо, тез арада абалды оңдоонун ордуна, кайра кворум түзбөй, абалды улам-улам курчутууда. Ушундай абалда кворум түзүп, мыйзам жолу менен Өкмөт түзүү, жаңы шайлоо үчүн мыйзамдарды оңдоодон качышкан депутаттарды элдин, мамлекеттин душмандары экенин аттары менен билип, эстеп койгула.

Урматтуу президент!

Сиз мамлекет башчы, башкы кол башчы катары, Конституциядагы бардык ыйгарым укуктарыңызды чечкиндүү, тайсалдабай колдонууга дагы бир жолу чакырам. Элдин көпчүлүгү ошону күтүүдө. Жогорку Кеңеш кворум түзүп, төрагасын жана Өкмөт башчысын Конституцияда көрсөткөн мөөнөттө мыйзам чегинде шайлай албайбы, анда Конституциянын 84-беренесине жараша аракеттениңиз. Ал мөөнөт 9- октябрдан башталды. Ушундай абалда “кетүү” жөнүндө ойлонбоңуз! Сизди кетирүү жөнүндөгү компаниянын авторлору эл эмес! Алар болгону Атамбаевдин куралдуу шайкалары менен тымызын биригишкен Бабанов, Момбеков жана алар менен жүрүшкөндөр. Айрым партиялар экенин кечээ аянтка, Атамбаевди ээрчип келишкенде эл өзү көрдү, түшүндү. Калганын тергөө аныктайт. Эми болсо “эки, үч күндө өзү кетем деди”- деп алардын ордун башкалар ээлөөнү каалары да билинип жатат. Эл ак, караны, кимдин ким экенин биротоло билди го деп ойлойм. Жаңы шайлоо системасы менен эл түз тандаган депутаттардан түзүлгөн Жогорку Кеңеш келгиче, Жогорку Кеңештин аткара турган айрым иштерин өз Жарлыгыңыз менен ишке ашырууга чакырам.

Элдин башында пандемия деген балээ турганда, Жогорку Кеңештин кворум түзбөө оюну бул элге, мамлекетке жасаган кезектеги кылмышы. Азыр өлкөгө белгисиздик, баш аламандык эмес катуу, күчтүү ачык бийлик керек. Сиз элге таяныңыз, элдик кошуундарды уюштуруп, баш аламандык чыккан жерге тезинен коменданттык саат киргизүү керек. Зарылчылык болсо өзгөчө абал киргизүүгө чакырам.

Урматтуу депутаттар, Кыргызстанды бүгүнкү абалга, улам жаңы президенттин, анын жакындарынын көзүн карап жүрүп, силер алып келдиңер! Эми жок дегенде бир жолу мамлекет, эл үчүн, кворум түзүп, жаңы Өкмөттү түзүп, шайлоо системасын Конституциянын 2-беренесине шайкеш келтирип, оңдоп, элге өз депутатын түз шайлаган конституциялык укугун кайтарып берип, кичине болсо да эл алдында күнөөңөрдөн арылууга чакырам. Силер Өкмөт түзбөсөңөр, эски Өкмөт ишин убактылуу жүргүзө берерин билесиңер! Силер иштебесеңер шайлоо системасын президент өз Указы менен киргизип, жаңы шайлоо өткөргөнгө, азыркы силер түзгөн абал жана кырдаал мажбурлаарын да билесиңер? Ал коңшу Казакстанда эчен ирет колдонулган. Эгерде президент, Жогорку Кеңеш, аларга кошулуп ара төрөлүп, бутуна турбай жатып, “Кумтөр” боюнча өзүнүн анык жүзүн көрсөткөн “Өкмөт башчы” – баарыңар бирикпей, жеке кызыкчылык үчүн бири-бириңер менен мышык-чычкан ойногонду токтотпосоңор, бийликтин, эгемендиктин ээси – Кыргызстандын эли чындап өз укугун пайдаланат. Кеч боло элегинде эсиңерге келгиле! Бириңерге бириңер ишенгиле!

Ал эми партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасын сактап калабыз дешкен депутаттарга, саясатчыларга айтарым: Болду жетишет, элди макулук катары эсептеп, өзүңөр акчасына карап түзгөн тизмеңерди элге чыгарып, акча таркатып, добуш сатып алып, коррупцияны гүлдөтүп келгенсиңер! Шайлоо таза өткөн жок дейсиңер, аны таза кылбаган, элге акча тараткан ким? Өзүңөр! Партиялык тизмени шайлатуу системасын мыйзамсыз колдонуп келгенден берки 2008-2020- жылга чейин өлкөгө тийгизген зыяндын өлчөмү орду толгус; эсеп жетпейт: жерибиздин бүтүндүгү бузулду, элдин ынтымагы кетти, кен-байлыктардын баары, Кумтөр баш болуп, элдин үлүшү аныкталбай чет элдиктерге берилди, убагында энергетика, жайлоолорго чейин, жеке менчикке сатылды (Бакиевдин Заманында) паспорттогу улуту деген графага чейин жоюлду, саясый партиялар ОПГ уюмуна айланды. Элибизден намыс.уят кетти, мамлекет, анын эгемендүүлүгү менен көз карандысыздыгы коркунучта калды, ачыктан-ачык элге эмес, кайсы бир чет өлкө бийлигине кошомат кылышкан Абыке, Көбөштөр, саясат, мыйзам эмес, фамилиясын араң жазган көпөс, жетелеме, кошаматчы депутаттар, алардын партиялары көбөйдү. Акылды кара күч, чындыкты ушак менен жалган, адалды арам жеңе баштады. Мындай шайлоо системасы өлкөдөгү коррупциянын бирден- бир булагы болуп калды. Баары партиялык тизмени түзүүдөн эле башталат.

Мындан чыгуунун жолу – азыркы шайлоо системасын оңдоп, анан жаңы шайлоого (кайра шайлоо эмес) баруу.

Урматтуу замандашым, келгиле биз дагы өз салымыбызды ар кимибиз өз жан дүйнөбүзгө революция жасоодон, пейилди оңоодон баштайлы!

Урматтуу президент, мамлекеттин эгемендүүлүгү таптакыр жоголуп кете электе аны сактап калуу үчүн чындап, токтоосуз чоң реформаны өзүңүз баштаңыз. Болбосо тарыхтагы ордубуз кечиримсиз болот!

Азимбек Бекназаров

Булак: “Майдан.кж”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: